• 89.12
  • 94.98
  • 0.95

Түркмөнстан Рамазан айында соттолгондорго ырайым кылат

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 20-июнь /Кабар/. Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов мусулман элдеринде ыйык деп эсептелген Орозо айында соттолгондорго ырайым кылуу мыйзамына кол койду.

Ал документте бул чечим ырайымдуулук жана гуманизм принциптеринин негизинде, коомчулукта жана ар бир түркмөн үй-бүлөсүндө биримдикти сактоо максатында кабыл алынганы жазылат. Бул жылы кадыр түндүн урматына мамлекет башчысынын буйругу менен 1029 адам эркиндикке чыгат.

Гурбангулы Бердымухамедов укук коргоо мекемелеринин жетекчилерине ырайым кылынган жарандардын жакын арада үйлөрүнө аман-эсен келишин камсыз кылууну тапшырды. Ал эми облус жана райондун башчыларына эркиндикке чыккандарды жумуш менен камсыз кылуу тапшырылды.

Булак: http://www.trend.az/casia/turkmenistan/2767565.html

Пикир

Оставить комментарий