• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Түркмөнстан түндүгүндө велосипед үчүн айдоочулук күбөлүк талап кылынууда

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 09.07.18. /Кабар/. Түркмөнстандын түндүгүндөгү шаарларда, район борборлорунда велосипед үчүн техникалык паспорт, транспорттун номуру жана айдоочулук күбөлүк талап кылынууда.

“Азаттыктын” түркмөн кызматы кабарлагандай, документи жокторго 800дөн 2000 манатка чейин (расмий курс боюнча 300 доллар) айыппул салынууда.

Учурда аймакта велосипед үчүн айдоочулук күбөлүктүн баасы 1500-2000 манат турат.

Ошол эле маалда Ашхабаддын өзүндө велосипед тебүү үчүн документтер талап кылынган жок.

Түркмөнстанда велоспортко мамлекеттик деңгээлде көңүл бурулат. Быйыл өлкөдө Велосипед күнү белгиленди. Түркмөн лидери ага эстелик тургузууга даярданууда.

Ошол эле маалда шаар көчөлөрүндө велосипед токтотуучу жайлар жана жолдор жок.

Пикир

Оставить комментарий