• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Түркмөнстан: Түркия каттамына үч жолу киргизилбеген жаран асынып алды

Дүйнө 0

Бишкек, 13.06.18. /Кабар/. Ашхабад аэропортунда Түркияга уча турган каттамга үч жолу киргизилбеген Дашөгүздүн жашоочусу асынып алды. Бул тууралуу «Азаттыктын» түркмөн кызматы кабарлады.

«Дашөгүз облусунун Акдепе районунун жашоочусу үч жолу Түркияга учууга аракет кылып, бирок үч жолу тең уча алган эмес. Анын сыртка чыгуусуна эч качан уруксат берилбестиги айтылгандан кийин, ал үйүнүн жанындагы бакка асынып алган», — деп жазды басылма.

«Азаттыкка» эми гана белгилүү болгон бул окуя апрелдин экинчи жарымында болгон. Маркумдун жакын туугандарынын айтымдарында, анын мындай кадамга барышына Түркияга баруу үчун карызга алган акчасын кайтарып бере албай калдыгы себеп болгон.

«Материалдык абалы начар болгондуктан ал балдарын тамак-аш менен камсыз кылып, мектепке керектүү нерселерди сатып бере алган эмес. Үстөк пайызы менен көп карыз алган. Түркияга баруу үчүн бардык керектүү документтерди даярдап койгон. Бирок анын бул аракетинен майнап чыккан жок. Карыздарынан кутула албай калгандыктан, өз жанын кыйды», — деп билдиришти туугандары.

Алардын айтымдарында, ал өлүм алдында жумушсуздуктан жана жакырчылыктан тажагандыгы тууралуу кат жазып калтырган.

«Айрым дыйкан бирикмелеринде пахтачылардын дээрлик бардыгы үлүш жерлерин таштап кетип калышты. Азыр облуста айдалбаган, иштетилбеген пахта талаалары бар. Айрымдары бардык үй-бүлө мүчөлөрү менен кетип жатышат. Бюджетте иштегендер дагы кете башташты», — деп билдирди «Азаттыктын» кабарчысы.

Пикир

Оставить комментарий