• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Түркмөнстан жалпы мамлекеттик эл каттоого даярданууда

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 20.12.18. /Кабар/. Түркмөнстан өкмөтү 2022-жылга белгиленген калкты жана турак жай фондун каттоого даярдык көрө баштады.

Статистика боюнча мамлекеттик комитеттин жетекчиси Х.Гурбанов өкмөт жыйынында баяндама жасап, бул багытта БУУнун Өнүктүрүү программасы менен жигердүү кызматташуу жүрүп жатканын билдирди. Ал эл аралык уюмдар менен мамлекеттик статистика системасын модернизациялоо жана дүйнөлүк тажырыйбаларды киргизүү багытында иш алып барышарын кошумчалады.

Калкты жана турак жай фондун каттоо акциясы БУУнун жардамы менен ишке ашат.

Бул арада 2012-жылы жүргүзүлгөн эл каттоонун каттоонун жыйынтыгы азыркыга чейин расмий түрдө жарыялана элек.

“Түркмөнстан хроникасы” басылмасынын маалыматына караганда, 2012-жылдагы каттоого ылайык, Түркмөнстанда калктын саны 4 миллион 751 миң 120 болгон. Түркмөнстан акыркы жолу бул боюнча расмий маалыматтарды 2006-жылы июлда жарыялаган, анда калктын саны 6 миллион 836 миң 500 экени айтылган.

Түркмөнстанда бийликке Гурбангулы Бердымухамедов келгенден кийин расмий статистикалык маалыматтар жарыяланбай калган.

Пикир

Оставить комментарий