• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Түркмөнстанда 19 жылдан кийин биринчи жолу опера коюлду

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 21.11.19. /Кабар/. Ашхабад мамлекеттик театрында италиялык композитор Ружеро Леонкаваллонун «Паяцы» спектакли коюлду.

Балет сыяктуу эле операга да Түркмөнстандын биринчи президенти Сапармурат Ниязовдун тушунда тыюу салынган. Ал искусствонун бул түрлөрүн «түркмөн менталитетине шайкеш келбейт» деп эсептеген.

Оюн Италия менен Түркмөнстандын маданий тажырыйба алмашуу программасынын алкагында коюлуп, аншлаг менен өттү. Сүйүү менен чыккынчылыкты баяндаган операнын негизги партиясын италиялык тенор аткарды. Башкы ролдорго түркмөн ырчылары, анын ичинде баритон Амангелди Аманов да тартылды.

Түркмөнстандын биринчи президенти Сапурмурат Ниязов улуттук опера менен балетке 2001-жылы тыюу салган. Анын мураскору Гурбангулы Бердымухамедов бул чектөөнү колдогон.

Укук коргоочулар Түркмөнстанды дүйнөдөгү эң жабык өлкөлөрдүн катарына киргизишкен. Өкмөт калкынын жашоосун катуу көзөмөлгө алат.

Пикир

Оставить комментарий