• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Түркмөнстанда аялдар 8-мартка карата президенттен акчалай белек алышат

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 28.02.20. /Кабар/. Түркмөнстанда аялдар 8-март – Аялдардын эл аралык күнүнө карата өлкө президентинен 60 манат (болжол менен 1,2 миң сом) өлчөмүндө акчалай белек алышат. Бул тууралуу Түркмөнстандын orient.tm агенттиги жазат.

Тиешелүү буйрукка Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов кол койгон.

Агенттик жазгандай акчалай сыйлыктар, 1-6-март күндөрү ар бир ишкана же мекеменин кызматкер айымдарына (менчик түрүнө карабай) берилет.

"Жыл сайын болгондой эле, президенттин акчалай белеги пенсия, мамлекеттик жөлөкпул алып жаткан аялдарга, студенттерге жана жогорку окуу жайдан кийин билим алып жаткандарга, мектеп окуучуларына жана бала бакча тарбиялануучуларына берилет", - деп жазат агенттик.

Пикир

Оставить комментарий