• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Түркмөнстанда ахалтекин аргымактары арасында сулуулук сынагы өтөт

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 20.04.18 /Кабар/. Ушул жылдын 28-апрелинде Ашхабад шаарында ахалтекин жылкыларынын эл аралык сулуулук сынагы өткөрүлөт.

Түркмөнстанда жыл сайын апрель айынын акыркы жекшембисинде ахалтекин жылкыларынын сулуулук сынагын өткөрүү салтка айланган. Тийиштүү жарлыкка өлкө президенти Гурбангулы Бердымухамедов кол койгон.

Эске салсак, Бердымухамедов акыркы жолу ахалтекин күлүгүн 2017-жылдын март айынын башында Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевге тартуу кылган.

Булагы: Эркин-Тоо

Пикир

Оставить комментарий