• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Түркмөнстанда алкоголь сатууну чектеген мыйзам күчүнө кирди

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 03.01.19. /Кабар/. Түркмөнстанда алкоголдук ичимдиктерди сатууну кескин түрдө чектеген жаңы мыйзам күчүнө кирди.

Ага ылайык, 1-январдан тартып поезддерде, учактарда, кемелерде, ошондой эле спорт борборлорунда алкоголго тыюу салынат. Мындан тышкары улуттук майрам күндөрү дагы спирт ичимдиктерин сатууга болбойт.

2021-жылдан тартып ишемби жана жекшемби күндөрү кафе-барлар менен ресторандардан башка жерлерде алкоголь сатууга чектөө киргизилет.

«Алкоголдун зыяндуу таасирин алдын алуу тууралуу» мыйзам 2018-жылы декабрдын башында кабыл алынган.

Өлкөнү 2006-жылдан бери башкарып келаткан Гурбангулы Бердымухаммедов өзүн спортко кызыккан, элдин саламаттыгына кам көргөн адам катары көрсөтүп келет. Ал маал-маалы менен дене тарбия көнүгүүлөрүн жасоо боюнча массалык иш-чараларды уюштуруп турат. Мамлекеттик телеканалдар да президент спорттун ар кыл түрлөрү менен машыгып жатканын байма-бай көрсөтүшөт.

Буга чейин өлкө өкмөтү 2025-жылга чейин Түркмөнстанды тамекиден толук арылтуу планы тууралуу билдирген.

Учурда Түркмөнстан оор экономикалык каатчылыкты башынан өткөрүүдө. Өлкөдө жумушсуздук күч алып, инфляция өсүүдө.

Пикир

Оставить комментарий