• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Түркмөнстанда алкоголдук ичимдиктердин баасы кымбаттоодо

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 13.12.18. /Кабар/. Түркмөнстанда алкоголь жөнүндө мыйзамдын кабыл алынышы менен спирттик ичимдиктердин кымбатташы күтүлүүдө. Бул тууралуу “Түркмөнстан Хроникасы” басылмасы билдирди.

Мыйзам боюнча алкоголь ичимдиктери дүкөндөрдүн жана атайын соода жайларынын арак-шарап бөлүмдөрүндө, касса аппараты жана төлөм терминалы бар ресторан, кафелерде гана сатылышы керек. Сатуу иш күндөрү саат 10:00дөн 20:00гө чейин жүргүзүлөт, 21 жашка чейинки жарандарга спирт ичимдиктерин соодалоого тыюу салынат.

Мыйзам баскыч-баскыч менен 2021-жылга чейин күчүнө кирет.

Бул арада Түркмөнстанда декабрдан тарта алкоголдук продукциялардын баасы кымбаттай баштады.

“Азаттыктын” түркмөн кызматы кабарлагандай, учурда Ашхабадда эң арзан арактын баасы 13 манат (расмий курс боюнча 4 доллардын тегереги) турат. Эң кымбаты 100 манатка чейин жетет. Бирок аларды бардык соода түйүндөрү ачык сата албайт. Түркмөнстанда алкоголдук ичимдиктерди сатуу үчүн лицензия алуу оор.

Пикир

Оставить комментарий