• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Түркмөнстанда азык-түлүктүн баасы кымбаттады

Дүйнө 0

Бишкек, 12.02.18. /Кабар/. 10-февралдан бери Түркмөнстанда доллардын баасы 14-15 манатка чейин өстү. Анын натыйжасында азык-түлүк дагы кымбаттады. Эн биринчи импорттук товарлардын наркы жогорулады.

“Түркмөнстан хроникасы” билдиргендей, 5 литр күнкарама майынын баасы 46дан 58 манатка, бир кило шекердики 5тен 7 манатка чейин өстү.

Казакстан унунун наркы эки эсеге жогорулады.

6 килолук Persil кир жуучу айнанын баасы 65 манаттан 96 манатка чейин көтөрүлдү.

Жергиликтүү товарлардын баасы дагы өсүүдө.

Пикир

Оставить комментарий