• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Түркмөнстанда бала бакча акысынын он эсеге жогорулашы нааразылык жаратууда

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 16.10.17 /Кабар/. Түркмөнстанда социалдык жеңилдиктердин жоюлушу жана айрым кызмат акыларынын кымбатташы калк арасында нааразылыктарды жаратууда.

Маалыматка караганда, 10-октябрда Дашөгүз облусунда бала бакчалардын акысынын он эсеге жогорулашына байланыштуу анча чоң эмес нааразылык акциялары өттү.

Облустун Болдумсаз районунун укук коргоо кызматкерлеринин бири билдиргендей, бала бакча акысынын жогорулай тургандыгы белгилүү болору менен ондогон ата-эне район администрациясынын алдына чогулушкан.

«Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү суу, газ жана электр энергиясы бекер болбой калгандыктан, бала бакчалардын акысы жогорулаганын айтышты. Район акимчилигинин өкүлдөрү азырынча жаңы тарифтер боюнча колунда бар адамдар төлөп турсун деген чечим чыгарып, андай үй-бүлөлөрдүн тизмесин түзүүнү тапшырышты. Бирок ата-энелер мамлекет балдарга бекер билим берүү керектигин айтышып, ортодо мушташ чыкты», - деп билдирди «Азаттыктын» түркмөн кызматынын өз булагы.

Дашөгүз шаардык администрациясы менен облустук билим берүү башкармалыгынан 10-октябрда бала бакчалардагы акынын жогорулашына каршылык катары шаар борборунда ондогон адам катышкан жөө жүрүш болгонун ырасташты.

1-ноябрдан тарта Түркмөнстанда бир бала үчүн бала бакча акысы айына 8 манаттан 80 манатка чейин, же он эсеге жогорулайт. Өлкөнүн Билим берүү министрлигинен кабарлашкандай, айрым аймактарда бир айлык акы 96 манатка чейин жетиши мүмкүн.

Булагы: CENTRAL ASIAN

Пикир

Оставить комментарий