• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Түркмөнстанда балдарды үйдө сүннөткө отургузууга тыюу салынды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 21.03.18. /Кабар/. Түркмөнстандын түндүгүндө баланы үйдө сүннөткө отургузган кишилерге карата эскертүү берилүүдө.

Акыркы айлардан бери Дашөгүз облусунда полиция жана улуттук коопсуздук кызматкерлери эмчи-домчуларды кармап, мындан ары балдарды үйдө сүннөткө отургузууга тыюу салышууда. Элдик табыптардын биринин айтымында, алар бир жолу сүннөткө отургузгандарга 3000 манат (857 АКШ доллары) айыппул салып, экинчи жолу кайталанса, түрмөгө отургузушарын эскертишкен.

Жергиликтүү бийлик балдарды ооруканада гана сүннөткө отургузууну талап кылууда. Бирок бул талап бир катар кыйынчылыктар жана чыгымдар менен коштолууда.

«Хирургиялык бөлүмдөн наркозго окшогон укол жасашат, аны алган бала бир айда араң өзүнө келет. Мындан тышкары дарыгерлер 200 манат сурашат. Табыптар болсо 100 манатка эле сүннөткө отургузуп беришчү», – деди Сапармырат Туркменбаши атындагы райондун жашоочусу.

Бул арада хирургиялык жол менен сүннөткө отургузуу үчүн айыл тургундары жүздөгөн чакырым жол басып, район же облус борборуна келишет.

Өткөн аптада Дашөгүз облусунун Акдепин районунда балдарды үйдө сүннөткө отургузган пенсиядагы уролог-хирург кармалып, иши сотко өткөн.

Пикир

Оставить комментарий