• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Түркмөнстанда бийликтин жетишкендиктерин чагылдырган жаңы басылма чыгат

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 22.11.17 /Кабар/. Түркмөнстанда улуттук реформалардын маңызын элге жеткирүү үчүн экономикалык багыттагы басылма жарыкка чыга баштайт.

Жаңы журнал чыгаруу идеасы президент Гурбангулы Бердымухамедовго таандык. Ал өкмөт жыйынында өлкөнүн социалдык-экономикалык жетишкендиктерин чагылдыруу жана бул тармакта жүргүзүлүп жаткан реформалардын негизги багыттарын түшүндүрүү маанилүү экенин баса белгилеген.

Бул арада жергиликтүү байкоочулар Түркмөнстандагы улуттук басылмалар негизинен эле бийликтин “жетишкендиктерин” пропагандалап келишерин билдиришүүдө. 2016-жылдан бери калкты гезит-журналдарга мажбурлап жаздыруу өнөктүгү күч алган. Ар бир басылмага жазылуунун жарым жылдык наркы орто эсеп менен 70-130 манатты (20-37 АКШ долларын) түзөт.

Ага карабай, Түркмөнстан президенти жүргүзүлүп жаткан саясаттын ийгиликтерин кеңири чагылдырбай жатат деп улуттук медианы бир нече жолу сындаган.

Түркмөнстанда 37 гезит, 27 журнал бар. “Рысгал” бизнес басылмасын эсепке албаганда, алардын баары мамлекеттик болуп эсептелет.

Булагы: CENTRAL ASIAN

Пикир

Оставить комментарий