• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Түркмөнстанда бороондон улам жолдор жабылып, электр линиялары иштен чыкты

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 23.01.19. /Кабар/. Түркмөнстандын Дашогуз жана Балкан облустарында нөшөрлөгөн жаан карга айланып, жолдор жабылды. Электр өткөрүү линиялары иштен чыкты. Анын алдында Каспий деңизинде катуу шамаал башталып, өлкө борборун карай бороон-чапкын келе жатканы тууралуу маалымат тараган.

“centralasian.org” кызматы кабарлагандай, аба ырайынан катаал шартынан улам бир катар райондор электр жарыгысыз калды. Абанын температурасы 0 градустан төмөн болууда. Турак жайларды жылытууда көйгөй жаралды. Себеби көп жылдардан бери айылдарга кышкысын жаратылыш газы берилбей калган.

Редакциянын маалыматына караганда, тез-тез кар жаап жаткандыктан, акыркы 10 күндөн бери айылдарды бириктирген автожолдор жабылды. Мал жандыктары кырылууда.

Пикир

Оставить комментарий