• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Түркмөнстанда чет элдик паспорттордун мөөнөтү 1 жылга чейин кыскартылат

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 27.02.18 /Кабар/. Түркмөнстанда жарандардын чет элдик паспортторунун мөөнөтүн 1 жылга чейин кыскартуу каралууда. Бул тууралуу «Азаттыктын» түркмөн кызматынын өз булактары кабарлашты.

Өлкөнүн Мамлекеттик миграция кызматынан бул боюнча расмий комментарий берүүдөн карманышты.

Түрмөнстанда жаңы үлгүдөгү чет элдик биометрикалык паспорттор 2008-жылы июлда киргизилген. Алгач документ чоңдорго он жылдык, 16 жашка чейинки жарандарга беш жылдык мөөнөткө берилип келген. 2016-жылы паспорттун жарактуу мөөнөтү беш жылга чейин кыскартылган. Бирок бул тууралуу бийлик расмий жарыялаган эмес.

2008-жылга чейин түркмөн жарандары өлкө ичинде жана сыртында жүрүү үчүн бир эле паспорт колдонуп келишкен.

Чет элдик паспортторду өлкөнүн ичинде гана алууга болот. Түркмөнстандын башка мамлекеттердеги өкүлчүлүктөрүндө документ берүү каралган эмес.

Пикир

Оставить комментарий