• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Түркмөнстанда доллар кайрадан кымбаттады

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 11.04.18 /Кабар/. Түркмөнстандын “кара базарларында” доллардын курсу жогорулады. “Азаттыктын” түркмөн кызматы кабарлагандай, 10-апрелде 1 АКШ долларын 14 манаттан сатып алышып, 14,6 манаттан сатышты.

Түркмөнстандын бейрасмий валюта алмаштыруу жайларында бир нече айдан бери түркмөн манатынын куну кетүүдө.

Февралдын ортосунда АКШ долларынын наркы “кара базарда” рекорддук көрсөткүчө жетип, 15 манатты түзгөн. Бул мамлекет бекиткен расмий курстан төрт эсе жогору дегенди билдирет.

Түркмөнстанда расмий түрдө акча алмаштырууга 2016-жылдан бери тыюу салынган. Түркмөнстан Борбордук банкы доллардын расмий курсун 3,5 манат деп 2015-жылы ноябрда бекиткен жана бул көрсөткүч үч жылдан бери өзгөрө элек.

Акыркы эки жылдан бери мамлекеттик курс менен акча алмаштыруунун жалгыз жолу банк карталарындагы түркмөн манатын чет өлкөдө доллар менен колдонуу болуп келген. Бирок Түркмөнстан тышкы экономика банкы былтыртан бери чет өлкөлүк валюта операцияларын жасоого чектөө киргизген.

Пикир

Оставить комментарий