• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Түркмөнстанда доллардын көмүскө базардагы курсу 16 манаттан ашты

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 26.04.18 /Кабар/. 25-апрель эртең менен Ашхабаддагы көмүскө акча алмаштыруу жайларында 1 АКШ доллары 16,1 манаттан сатып алынып, кайра 16,4 манаттан сатылды. Бул тууралуу «Азаттыктын» түркмөн кызматы жазды.

Түркмөнстан Борбордук банкы тарабынан бекитилген расмий курс 1 АКШ доллары үчүн 3,5 манат бойдон өзгөрүүсүз калды. Ал ортодо өлкөдө азык-түлүк, анын ичинде ун менен ичүүчү суунун баасы кымбаттады.

«Казакстандан алып келинген ун кайрадан кымбаттады. Бир нече күн мурда Ашхабад базарларында килограммы 5 манаттан турган казак уну бүгүн 5,5 манаттан сатылууда. Бирок алардын баасы марттын башындагыдай эле 4,5 манат деп турганы менен ал баада сатып алуу мүмкүн эмес», - деп жазды басылма.

Түркмөнстанда накталай валюта алмаштыруу мыйзамсыз болуп эсептелет. Өлкөнүн Борбордук банкы тиешелүү тыюуну 2016-жылы январда киргизген.

Пикир

Оставить комментарий