• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Түркмөнстанда дыйкандар быша элек түшүм жыйналып жатканын билдиришүүдө

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 19.06.18. /Кабар/. Түркмөнстандын мамлекеттик басылмаларынын билдиришинче, 13-июнда өлкөнүн Балкан жана Дашөгүз облустарында буудай түшүмүн жыйноо иштери башталды. Буга чейин оруп-жыйноо иштери Мары облусунда дагы жүргүзүлгөн.

«Тагтабазар районундагы ижарачылар мамлекеттик кампага 19 800 тоннадан ашык буудай тапшырып, түшүм жыйноо планын аткарышты», — деп жазды мамлекеттик ТДХ маалымат агенттиги. Ошол эле маалда жалпы Мары облусунда жыйналган түшүмдүн көлөмү 154 000 тоннаны түздү.

Ал ортодо дыйкандар бийликтин буйругу менен быша элек түшүм жыйналып жатканын билдиришүүдө. «Азаттык» радиосунун түркмөн кызматынын Дашөгүз районундагы өз булагы кабарлагандай, өлкөнүн түндүк аймактарындагы талаалардын көбүндө быша элек түшүмдөр жыйналып, алардын ордуна пахта эгиле баштады.

«Суунун жетишсиздигинен жана жер семирткичтердин жоктугунан улам түшүмү бышпай калган ижарачылар акча тапмак тургай, карыз дагы болуп калышты», — деп билдирди ал.

Быйыл Дашөгүз районунда 157 000 гектар жерге буудай эгилген. Планга ылайык, ижарачылар андан 300 000 тонна түшүм жыйнап бериши керек болгон. Бирок дыйкандар мындай планды аткаруу дээрлик мүмкүн эмес экенин белгилешүүдө. Анткени бул жылы аймакта суу жетишсиз болуп, жер семирткичтер убагында колдонулган эмес.

Пикир

Оставить комментарий