• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Түркмөнстанда эл аралык автожарыштын катышуучулары экологиялык күйүүчү май колдонууда

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 12.09.18. /Кабар/. 11-сентябрда Түркмөнстанда башталган «Амуль-Хазар 2018» аттуу эл аралык автожарыштын катышуучулары экологиялык күйүүчү май колдонуп жатышат. Бул тууралуу өлкө президенти Гурбангулы Бердымухамедов билдирди.

«Спорттун бул түрү зыяндуу газдарга байланыштуу болгондуктан, аны уюштурууда биринчи кезекте экология маселесине өзгөчө көңүл бурулган», — деди президент.

Мамлекет башчынын айтымында, Түркмөнстан өз саясатында дайыма айлана-чөйрөнү коргоого чоң маани берип келгендиктен, автожарыштын катышуучулары өлкөдө өндүрүлгөн «ЭКО-5» стандартындагы экологиялык жактан таза күйүүчү май менен камсыз болушкан.

«Асуль-Хазар 2018» Түркмөнабад шаарында 11-сентябрда башталган. Анын ачылышына президент Бердымухамедов өзү катышып, атайын трассадан алгачкылардан болуп спорттук унаасы менен өттү.

Буга чейин мамлекет башчы автожарышка спортчу катары катыша турганы кабарланган. Бул үчүн өткөн айдын аягында ага тиешелүү айдоочулук күбөлүк жана спорттук унаа үчүн техникалык паспорт берилген. Бирок кийинчерээк катышуучулардын тизмесинде өлкө президенти жок экени белгилүү болгон.

«Амуль-Хазар 2018» автожарышына катышуу үчүн дүйнөнүн 20 өлкөсүнөн келген 80 спортчу Каракум чөлү аркылуу 1500 чакырымдан алыс жолду басып өтүп, 15-сентябрда Каспий деңизинин жээгине жетет.

Пикир

Оставить комментарий