• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Түркмөнстанда Эл аралык ралли-рейд чемпионаты өтпөй калды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек. 17.04.19 /Кабар/. Түркмөнстанда 5-11-майга белгиленген «Амуль—Хазар 2019» автожарышы болбой калды. Gundogar.org порталы кабарлагандай, уюштуруучулар иш-чараны токтотушту, Түркмөнстанда бул тууралуу кеп кылууга тыюу салынды.

Уюштуруучулардын расмий сайтындагы маалыматка караганда, жарыш Түркмөнстан менен Эл аралык автомобиль федерациясынын (FIA) талаптарынын бири-бирине дал келбегендигине байланыштуу болбой калган.

Түркмөнстан аймагында эл аралык авторалли өткөрүү идеасы өлкөнүн президенти Гурбангулы Бердымухамедовго таандык болгон. Ал өзү спорттук автоунааларды айдаганды жакшы көрөт.

2018-жылдагы авторалли 11-сентябрда Түркмөнабад шаарында өткөн. Ага жыйырма өлкөнүн өкүлдөрү келген. Алар беш күн аралыгында Каракум чөлү аркылуу 1500 чакырым жерди басып өтүшүп, Каспий деңизинин жээгине келишкен.

Пикир

Оставить комментарий