• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Түркмөнстанда импорттук өндүрүш товарлары 80% кымбаттады

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 22.02.18. /Кабар/. Ашхабадда азык-түлүк жана импорттук өндүрүш товарлары кайрадан кымбаттады. “Азаттыктын” түркмөн кызматы билдиргендей, соңку он күндө импорттук товарлардын баасы 80% өскөн.

“Баарынан мурун кир жуучу каражаттар кымбаттады. 7 манаттык (2 доллар) 500 грамм айна азыр 17 манат турат. Парфюм продукцияларынын айрым түрлөрү 250-300 манаттан 350-400 манатка көтөрүлдү ”, - деди ашхабаддык баяндамачы Аманмырат Бугаев.

Анын айтымында, нандын наркы дагы жогорулады, 300 граммдык кара бөлкө 1 манатка кымбаттап, 4.5 манатка сатылууда.

Буга чейин ун, эт, сүт азыктары кымбаттаганы айтылган. Ишкерлер муну доллар курсу жана бензиндин баасы көтөрүлгөнү менен түшүндүрүшүүдө.

Акыркы эки жылдан бери өлкөдө бензиндин наркы 50% жогорулап, 1-февралдан тарта бир литри 1.5 манатты түздү. Аны менен катар чет өлкөлүк валютанын “көмүскө базардагы” курсу рекорддук көрсөткүчкө жетип, 1 АКШ доллары 15 манатка бааланууда.

Пикир

Оставить комментарий