• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Түркмөнстанда инсулин тартыш болууда

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 14.05.19. /Кабар/. Түркмөнстанда кант диабети менен жабыркагандар үчүн өтө зарыл болгон инсулин дарысы тартыш болууда. Бул тууралуу centralasian кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, инсулин жеке дарыканаларда жок калгандыктан, мамлекеттик дарыканалардын алдында кезек күткөндөр көбөйүүдө.

«Жеке дарыканаларда инсулинди рецепт боюнча дагы сатпай калышты. Азыр анын запастары азайып, жаңылары келбей калды. Инсулин тартыштыгы быйыл жыл башында эле башталган. Азыр болсо абал курчуп кетти», — деп жазды басылма.

​Учурда инсулинди мамлекеттик дарыканаларда гана сатып алууга мүмкүн болууда. Ошол эле маалда аларда дары рецепт менен жана чектелген санда гана сатылууда.

«Эгер дарыгер бейтапка беш ампула инсулин керек деп жазып берсе, дарыканадан үчтү гана сатышат. Эгер үч деп жазылып турса экини же бирди сатып жатышат. Ошондуктан Алишер Навои көчөсүндөгү бекер инсулин берилген дарыкананын алдына таң атпай эле кезекке тура башташат. Бирок алардын баары тең дары алат деген кепилдик жок», — деп кабарлады басылманын кабарчысы.

Түркмөнстанда диабет өңдүү өнөкөт оорулар менен жабыркаган жарандардын камсыздандыруу кагазы барлары дарыларды белгилүү бир мамлекеттик дарыканалардан бекер ала алышат.

Өлкө жашоочулары бир жылдан ашык убакыттан бери дары-дармек жетишсиздигине кабылышууда. Ошол эле маалда түркмөн бийлиги жарандардын чет өлкөлөрдөн дары-дармек алып кирүүсүнө тоскоолдук жаратып келет.

Пикир

Оставить комментарий