• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Түркмөнстанда күйүүчү май тартыш болууда

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 04.12.18 /Кабар/. Түркмөнстанда кайрадан күйүүчү май тартыштыгы жаралды. Маалыматка караганда, учурда өлкөнүн Лебап жана Дашөгүз облустарындагы май куюу жайларында бензинге кезек күткөндөрдүн чоң кезегин көрүүгө болот.

«Эки жумадан бери Дашөгүз шаарында жана облуста бензин тартыш болууда. Ушундай эле абал Лебап облусунда дагы жаралды. Май куюу жайларына А-95 таптакыр келбей калды, болгону А-80 үлгүсүндөгү бензин келүүдө, ал дагы чектелүү көлөмдө гана», — деп билдирди centralasian.org сайтынын аймактык кабарчысы.

Анын айтымында, айрым май куюу жайлары ээн калган. Бензин алып келген күндөрү кезек күткөн унаалар көбөйүп, май чектелген көлөмдө гана сатылууда. «Он литр, айрым учурларда 20 литрден гана сатылууда. Бирок баары бир бензин көбүнө жетпей калууда», — деди кабарчы.

Быйыл октябрдын аягында Ашхабаддагы май куюу жайларында кезек күткөндөр көбөйгөнү байкалып, болжол менен кийинки жылдын январынан тарта өлкөдө А-95 жана А-80 үлгүсүндөгү бензин эки эсеге кымбаттай турганы кабарланган. Жергиликтүү байкоочулар калк күйүүчү майдын кымбаттай тургандыгы жөнүндөгү билдирүүлөрдөн улам алдын ала бензин сатып алып коюп жатышканын билдиришүүдө.

Ал ортодо түркмөн өкмөтү быйыл жыл ичинде мунай, анын ичинде бензин өндүрүү жана экспорттоо планы ашыгы менен аткарылганын бир нече жолу билдирген.

Пикир

Оставить комментарий