• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Түркмөнстанда көп аял алууга расмий тыюу салынды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 21.06.18. /Кабар/. Түркмөнстандын Үй-бүлө кодексине көп аял алууга тыюу салган нормалар киргизилип, документе президент Гурбангулы Бердымухамедов кол койду.

19-июнда жарыяланган мыйзамдын текстинде «Түркмөнстанда көп аял алууга тыюу салынат», «көп аял алуу — бул жалпы чарба жүргүзүп, эки же андан көп аял менен чогуу жашоо» деп жазылган.

Тыюу быйыл 1-сентябрдан тарта күчүнө кирет.

Түркмөнстандын 2012-жылы кабыл алынган Үй-бүлө кодексинде алгач эки аял алууга тыюу салынат деп жазылган, эми болсо ага «көп аял алуу» деген термин кошулду.

Учурда өлкөнүн Кылмыш кодексинде эки аял алуу үчүн эки жыл коомдук жумуштарда иштетүү же ири өлчөмдө айып пул төлөтүү жазалары каралган.

Бирок жергиликтүү талдоочулар буга карабастан өлкөдө көп аял алуу кыйла кеңири жайылган көрүнүш экенин айтып келишет.

Пикир

Оставить комментарий