• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Түркмөнстанда кагазды үнөмдөө үчүн гезит-журналдар бириктирилет

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 30.11.20. /Кабар/. Түркмөнстанда кагазды үнөмдөө үчүн бир нече гезит жана журнал бириктирилиши мүмкүн. Бул тууралуу «Медиа-Түркмөн» агенттиги билдирди.

Маалыматка караганда, бийлик тематикалык жактан окшош басылмаларды бириктирүүнү көздөөдө. Планга ылайык, «Мугалимдин гезити» менен «Түркмөн тили», «Ата Мекен» менен «Кайра жандануу» гезиттери жана ушундай эле аталыштагы эки журнал бириктирилет. Бул өкмөткө 123,7 тонна кагаз үнөмдөөгө мүмкүнчүлүк түзөрү кабарланууда.

Мындан тышкары 2021-жылдан тартып басылмалар электрондук форматка өткөрүлүп, милдеттүү жазылуу боюнча жарандарга таратыла баштайт. Жазылуу 60 манат же расмий курс боюнча 17 долларды түзөт. Басылмалардын кагаз түрүндөгү версиялары пенсионерлерге гана жеткирилип турат.

Түркмөнстан дүйнөдөгү эң жабык өлкөлөрдүн бири. Ал «Чек арасыз кабарчылар» эл аралык уюму түзгөн сөз эркиндиги боюнча рейтингде 180 өлкөнүн ичинен 179-орунда турат. Freedom House уюмунун интернет эркиндиги боюнча рейтингинде акыркы төрт өлкөнүн катарына кирет.

Пикир

Оставить комментарий