• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Түркмөнстанда кайрадан азык-түлүк кымбаттады

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 14.09.18. /Кабар/. Түркмөнстандын Дашөгүз облусунда азык-түлүккө болгон баалар жогорулап жатат, - деп билдирет centralasian.

Маалыматка караганда, учурда облуста эң көп суроо-талапка ээ болуп жаткан помидордун килограммы 10-15, сабиздики 10, болгар калемпириники 10, арбуздуку 4 манаттан сатылууда. Бир жума мурда эле эң арзан помидордун баасы 9-10 манатты түзүп турган.

Мындан тышкары Дашөгүз базарларында сүт азыктарына, жаңгак менен кургатылган жемиштерге болгон баалар жогорулап жатат. Учурда 1 килограмм жаңгак 200 манаттан, 1 килограмм өрүк кагы 80 манаттан сатылууда.

Ал ортодо айына 250 манаттан ашыгыраак акча алган пенсионерлердин көбү азык-түлүк сатып алууга каражат жетпей калып жатканына даттанышууда.

«Көмүскө базарларда 1 АКШ доллары 20,2 манаттан алынып, 20,6-21 манаттан сатылууда. Ошол эле маалда өлкөнүн Борбордук банкы бекиткен расмий курска ылайык, 1 доллар 3,5 манатка барабар.

Пикир

Оставить комментарий