• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Түркмөнстанда кызмат өтөөгө «жараксыз» жарандар дагы аскерге чакырылууда

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 15.02.19 /Кабар/. Түркмөнстандын Куралдуу күчтөрү ден соолугуна байланыштуу кызмат өтөөгө жараксыз адамдарды дагы аскерге кабыл алууда. Учурда өлкөдө жазгы аскерге чакырууга даярдык көрүүнүн алкагында өспүрүмдөр медициналык кароодон өтүп жатышат.

«Азаттык» радиосунун түркмөн кызматы кабарлагандай, Лебап облусунда буга чейин олуттуу ооруларына байланыштуу аскерге жараксыз деп табылган өспүрүмдөрдүн көбүнө жарактуу деген мециналык корутундулар чыгарылууда.

«Биз аларды кабыл алышыбыз керек. Армияда жоокерлер жетпей жаткандыктан, бизди кабыл алууга мажбурлап жатышат», — деп билдирди облустагы аскер комиссариатынын кызматкерлеринин бири.

​Анын айтымында, комиссариаттагылар дагы олуттуу оорусу бар жарандарды аскерге чакырууну туура көрүшпөйт. Ал белгилегендей, кийин кокустан кандайдыр бир кырсык болуп калса, бул үчүн ал жоокерлерди аскер кызматына жарактуу деп тапкан орган жоопко тартылып калышы мүмкүн.

​Түркмөнстанда аскерге чакыруу өнөктүгү жылына эки жолу, май жана ноябрь айларында жүргүзүлөт. Өлкөдө кызмат өтөө мөөнөтү эки жылды түзөт.

Пикир

Оставить комментарий