• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Түркмөнстанда өлчөө жабдуулары кымбаттады

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 27.04.18./Кабар/. Түркмөнстанда азык-түлүк менен катар ченем жабдууларынын наркы жана аларды орнотуу кызмат акысы көтөрүлдү.

“Азаттыктын” түркмөн кызматы кабарлагандай, азыр суу эсептегичтин баасы 200 манат (57 доллар), аны орнотуу акысы 50 манатка чыкты. Бир жыл мурун жабдуунун баасы 130 манат болгон. "Өткөн жылдын аягында, быйылкы жылдын башында эсептегичтер тартыш болсо, азыр аларды чет өлкөдөн алып келишти",- деди ашхабаддык баяндамачы.

Бул арада Түркмөнстан өзү ченем жабдууларын чыгарууда. Түркмөн өкмөтү 20-апрелде "Түркменмашынгурлушык" ишканасынын базасында жылына 180 миң даана бир фазалуу электр эсептегич чыгарылып жатканын маалымдаган.

Газ, суу жана электр энергиясына болгон жеңилдиктер жоюлгандан кийин өлчөм жабдуулары жана аларды орнотууга болгон талап өсүүдө.

Түркмөнстан президентинин чечими менен 2017-жылы ноябрда калкка газ, суу жана электр энергияны бекер берүү токтотулган.

Пикир

Оставить комментарий