• 84.8
  • 101.16
  • 1.14

Түркмөнстанда Made in Uzbekistan көргөзмөсү өтөт

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Ташкент, 13.03.18 /Толонбай Курбанов – Кабар/. Ашхабадда 2018-жылдын 29нан 31-мартка чейин 100дөн ашуун экспорттолгон Made in Uzbekistan өзбек ишканаларынын көргөзмөсү болот. Бул тууралуу Өзбекстандын соода-өнөр-жай палатасынын басма сөз кызматы билдирет.

Көргөзмөнүн максаты – атамекендик өнөр-жай компанияларын Түркмөнстандын базарларында илгерилетүү. Түркмөн жана башка чет элдик компаниялар менен өз ара инвестициялык долбоорлор үчүн келишимдерди түзүү.

Көргөзмөнүн алкагында өзбек-түркмөн ишкерлери менен биргеликте бизнес-форум өткөрүлөт, андан тышкары Өзбекстандын алдыңкы өнөр адамдарынын катышуусундагы маданий программа болот.

Пикир

Оставить комментарий