• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Түркмөнстанда мал уурдаган окуучулар кармалды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 31.05.18. /Кабар/. Дашөгүз облусунда уурулукка шектелген өспүрүмдөрдүн тобу кармалды.

“Азаттыктын” түркмөн кызматы маалымдагандай, 11-класстын үч окуучусу бир кой менен эки уйду уурдап, 8 миң 600 манатка (2400 миң доллар) сатууга аракет кылып жаткан маалда кармалган.

Окуучулар күнөөлөрүн моюнга алып, акыркы коңгуроо салтанаты алдында акча табууну көздөшкөнүн билдиришкен.

Бул арада ушул эле облуста 8-класстын окуучусу 21 жаштагы шериги менен мал уурдоо учурунда кармалганы белгилүү болду. Ал бул кадамын жокчулук менен түшүндүргөн.

“Азаттыктын” түркмөн кызматы апрелде дагы Түркмөнабадда жогорку класстын окуучулары мал уурдоо шеги менен кармалганын жазган.

Пикир

Оставить комментарий