• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Түркмөнстанда милиционерлер ак түстөгү гана унааларды пайдаланууга милдеттендирилди

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 10.11.17 /Кабар/. Түркмөнстандын бардык аймактарындагы милиция кызматкерлерине унааларды ак түстөгү транспортко алмаштыруу талаптары коюулууда.

Бул тууралуу «Азаттыктын» түркмөн кызматынын өз булактары билдиришти.

Маалыматка караганда, төрт ай мурда облустук ички иштер бөлүмдөрүндө чогулуштар болуп, анда кызматкерлердин баарынын унаалары ак түстө болушу керек деген талап коюлган.

«Андан үч ай өткөндөн кийин унаасын ак түскө алмаштырбаган кызматкерлерге катуу сөгүш берилди. Азыр ички иштер кызматкерлерине жумушка башка түстөгү унаа менен келүүгө болбойт», - деп билдирди булак.

Дашөгүз районунда иштеген милиция кызматкерлеринин биринин айтымында, ал унаасы башка түстө болгондуктан техникалык кароодон өтө алган эмес. Аны жетекчилик чакырып, унаасын тез арада ак түскө боётуу боюнча тилкат жаздырып, сөгүш жарыялаган.

"Унаамды ак түскө боёсом авария болгон экен деп аны эч ким сатып албай коет. Анан да бизде автоунааларды сапаттуу бойогон жерлер жок. Мындай талаптардан улам өлкөдө азыр ак унаалардын баасы жогору. Меники сыяктуу башка түстөгү унаага ээ милиционерлер жумушка коомдук транспорт менен барууга аргасыз болуп жатышат", - деп билдирди ал.

Түркмөнстан бийлиги ак түскө чоң артыкчылык берип келет. 2015-жылы өлкөгө кара түстөгү унааларды киргизүүгө тыюу салынган.

Пикир

Оставить комментарий