• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Түркмөнстанда млн долларга карта ойногон дипломаттар кармалды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 27-июль /Кабар/. Ашхабадда миллион долларга карта ойногон топ кармалды, алардын арасында дипломаттар дагы бар.

“Азаттыктын” түркмөн кызматынын өз булагы билдиргендей, өткөн аптада Мир-4 кичи районунун жашоочулары түндө чыккан чууну басуу үчүн полиция чакырышкан. Оюнчулар тартип сакчыларына эшикти ачпаган соң, алар каалганы бузуп киришкен.

“Азаттыкка” жашыруун түрдө маалымат берген полиция кызматкеринин айтымында, батирде 20 киши, алардын арасында үч аял болгон. Оюн үчүн бир миллион АКШ долларын коюшкан.

Ишенимдүү булактар кабарлагандай, кумар оюндарын ойногондордун арасында Түркмөнстандын чет өлкөдөгү дипломатиялык миссияларынын өкүлдөрү дагы бар.

Айрым маалыматтар боюнча кармалгандардын басымдуу бөлүгү, анын ичинде дипломаттар бошотулган. Жогорку кызматтагы кээ бир чиновниктердин иши сотко өткөнү кабарланууда.

Булагы: CENTRAL ASIAN

Пикир

Оставить комментарий