• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Түркмөнстанда MoneyGram акча которуу кызматынын жалгыз кеңсеси жабылды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 19.03.18 /Кабар/. Ашхабаддагы «Сенагат» коммерциялык банкынын имаратында жайгашкан кеңсе 9-мартта жабылган. Банктан бул MoneyGram акча которуу кызматынын Түркмөнстандагы ишмердүүлүгү токтогондугуна байланыштуу экенин билдиришти.

"Негизги себеби — бул "Сенагат" банкы менен "Гарагум" банкынын биригиши, ошондой эле "Сенагаттын" "MoneyGram" менен кызматташуудан баш тартышы, - деп билдирди ашхабаддык серепчи Аманмырат Бугаев.

Бул боюнча банктын жетекчилиги расмий комментарий бере элек. Азырынча MoneyGram компаниясынын Түркмөнстандагы ишмердүүлүгү тууралуу анын АКШда жайгашкан башкы кеңсесинен дагы түшүндүрмө алууга мүмкүн болгон жок.

Дүйнө өлкөлөрү ортосунда тез акча которууларды ишке ашырган "MoneyGram" компаниясы 2015-жылы «Гарагум» түркмөн банкы менен келишим түзүп, Түркмөнстанда ишмердүүлүгүн баштаганын билдирген.

Буга чейин Түркмөнстанда өлкө сыртына эл аралык Western Union жана Money Gram төлөм системалары аркылуу акча которуу операцияларына чектөө киргизилгени кабарланган.

Пикир

Оставить комментарий