• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Түркмөнстанда мындан ары бала бакчага барган балдар гана мектепке кабыл алынат

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 05.01.18. /Кабар/. Түркмөнстанда кийинки окуу жылынан тарта бала бакчага барган балдарды гана мектепке кабыл алышат.

“Түркмөнстан хроникасы” басылмасы кабарлагандай, бала бакчага барбаган балдарды мектепке киргизүүдө кыйынчылыктар жаралышы мүмкүн. Билим берүү министрлигинин жаңы талабы жөнүндө түркмөн бийлиги менен мамлекеттик ММКлар маалымат бере элек.

“Түркмөнстан хроникасы” билдиргендей, учурда баланы мектепке берүү үчүн жашаган жеринен маалымкат, туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү, медициналык маалымкат, сүрөт, ата-энесинин иштеген жеринен маалымкат, мындан тышкары үч муундагы туугандары тууралуу маалымат талап кылынат.

Былтыр күзүндө Түркмөнстанда бала бакчалардын наркы он эсеге жогорулаган. Буга байланыштуу мектепке чейинки окуу жайларындагы балдардын саны кескин азайган. Бул арада бийлик мамлекеттик мекемеде иштеген кызматкерлерди балдарын бала бакчага берүүгө мажбурлап жатканы кабарланууда.

Булагы: CENTRAL ASIAN

Пикир

Оставить комментарий