• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Түркмөнстанда нан сатып алуу үчүн кезек күткөндөр кайрадан көбөйдү

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 09.01.19 /Кабар/. Жаңы жылдык майрамдар аяктагандан кийин Түркмөнстандагы мамлекеттик дүкөндөрдүн алдында нанга кезек күткөндөр кайрадан көбөйдү. Бул тууралуу «Азаттык» радиосунун түркмөн кызматы жазды.

«Лебап жана Мары облустарындагы мамлекеттик азык-түлүк дүкөндөрүнүн алдында кайрадан кезек күткөн адамдар жыйналууда. Мындан тышкары накталай акча алуу үчүн банкоматтардын алдында дагы адамдар көп топтолууда», — деп жазды басылма.

Түркмөнстанда дээрлик бир жарым жылдан бери ун менен нан тартыштыгы өкүм сүрүүдө. Мамлекеттик дүкөндөрдө азык-түлүк чектелген санда сатылып, кезек күткөндөр көп жыйналууда. Базарлар менен жеке дүкөндөрдө болсо баалар кескин жогорулап жатат.

Мамлекеттик дүкөндөрдө нан менен ундун баасы жеке дүкөндөргө салыштырмалуу 5-6 эсеге арзан сатылат. Өлкөдө бир килограмм ундун мамлекет тарабынан белгиленген баасы 2 манатты түзөт.

Пикир

Оставить комментарий