• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Түркмөнстанда парламенттик шайлоонун жыйынтыктары жарыялана элек

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек. 02.04.19 /Кабар/. Түркмөнстандын Борбордук шайлоо комитети (БШК) 31-мартта өткөн парламенттик жана жергиликтүү кеңештерге шайлоону өттү деп тааныды. Расмий маалыматтар боюнча добуш берүүгө шайлоочулардын 90 пайыздан ашыгы катышты.

«Настоящее Время» телеканалы Түркмөнстан үчүн бул көрсөткүч кыйла төмөн болуп эсептелерин белгилөөдө. Алсак, Гурбангулы Бердымухамедов үчүнчү мөөнөткө шайланган 2017-жылдагы президенттик шайлоого добуш берүү укугуна ээ жарандардын 97 пайызы катышкан.

Өлкө бийлиги азырынча добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу башка эч кандай маалымат бере элек.

Түркмөнстанда быйылкы добуш берүүнүн жүрүшүнө жергиликтүү байкоочулар гана көз салып турушту. Өлкө БШКсы шайлоо эл аралык укуктун бардык нормаларына ылайык өткөнүн билдирди. Облус борборлорунда жана баш калаа Ашхабадда добушканаларга видеокамералар орнотулду. БШКнын сайтында добуш берүү кандай жүрүп жатканы түз эфирде көрсөтүлдү.

Пикир

Оставить комментарий