• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Түркмөнстанда полиция жашыруун татуаж жасагандарды издөөдө

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек. 03.06.19 /Кабар/. Түркмөнстан бийлиги татуаж жасагандарга каршы кампания баштады. Ашхабадда полиция денесине боек менен сүрөт тарттырган кишилерди кармап, аларга кызмат көрсөткөндөрдүн аты-жөнүн сурап жүрөт.

Түркмөнстанда татуаж жасоо рыногу толук легалдуу эмес. Расмий түрдө тыюу салынбаса дагы мындай кызмат көрсөткөн салондор ачык байкалбайт. Бийлик жарандардын тышкы келбетин катуу көзөмөлдөйт. Эркектер чачын боетпойт, аялдар чыпташкан көйнөк кийбейт, чачтарын жайбайт. Тыюу салуу бейформал мүнөзгө ээ.

Жакында “Азаттыктын” түркмөн кызматы Ашхабадда мамлекеттик кызматкерлердин күндөн коргонуучу көз айнек тагынуусуна тыюу салынганын кабарлады. Алар жетекчиликке талап менен таанышканы тууралуу тил кат жазып беришкен.

Пикир

Оставить комментарий