• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Түркмөнстанда президенттин сүрөтү бар гезиттерди ажатканада колдонууга тыюу салынды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 30.05.18. /Кабар/. Түркмөнстанда полиция үйлөрдү кыдырып, президент Гурбангулы Бердымухамедовдун сүрөтү бар гезиттерди дааратканалардан издөөнү улантышууда. Өлкө лидеринин сүрөтү табылган учурда, жарандар жоопкерчиликке тартылары эскертилүүдө.

Түркмөн президентинин сүрөтү тартылган гезиттердин даараткана кагазы катары колдонулушу тууралуу маселе мартта белгилүү болгон.

«Азаттыктын» түркмөн кызматы Дашөгүз облусунда ажатканасынан президенттин сүрөтү бар гезиттер табылган мектептин директору кызматтан алынганын кабарлаган. Кийин жергиликтүү бийлик анын иштен «милдеттерин аткара албагандыгы үчүн» кеткенин билдирген.

Инспекторлор президенттин булганган сүрөттөрүн калктуу кварталдардагы турмуш-тиричилик таштандыларынын арасынан дагы издешүүдө. Аны ыргыткандар гезиттеги жазылуучунун дареги аркылуу табылып, тиешелүү органдарга кабарланууда.

Түркмөнстанда ырааттуу түрдө 62 гезит-журнал чыгат. Алардын арасында көз карандысыз басылмалар жок – баары президент жана анын администрациясына баш ийет. Буга байланыштуу гезиттерде Гурбангулы Бердымухамедов тууралуу маалыматтар байма-бай жарыяланып турат. Жарандар өкмөттүк басылмаларга жазылууга милдеттүү.

Түркмөнстан газ кендерине бай болгонуна карабастан, калктын көбү жакыр жашайт. Айыл жеринде дааратканага кагазын сатып алгандар сейрек кездешет.

Пикир

Оставить комментарий