• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Түркмөнстанда темир жол жүргүнчүлөрүнүн көйгөйү көбөйдү

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 15-июнь /Кабар/. Ашхабад-Серхетабад багыты боюнча каттаган поезддердин жүргүнчүлөрү жол кире жогорулаганы менен кызмат көрсөтүү жакшырбаганын, тескерисинче кошумча кыйынчылыктар пайда болгонун билдиришүүдө.

Темир жол билеттеринин баасы 1-июндан тарта 100%, авиабилеттер 20% жогорулаган. Серхатабад шаарынын жашоочусу, 60 жаштагы пенсионер Айгүлдүн айтымында, жол кирелердин жогорулашы менен кызмат көрсөтүү жакшырбаганын билдирди.

"Баякыдай эле кир матрастар, суу менен чайы жок баягы эле вагондор. Анда түнөгөндөн кийин кир шейшептерди чогултууга туура келет, анан чаңдан дем алуу мүмкүн болбой калат. Айрым вагондордун ажатканаларында крандар иштебейт, эшиктер жакшы жабылбайт жердеги килемдердин өңүн көрүү мүмкүн эмес”,-деди Айгүл.

Айгүлдүн айтымында, 7-июнда Серхетабад-Ашхабад багыты боюнча каттаган поезддердин жадыбалын алдын ала маалымдабай өзгөртүп салышкан.

"Жүргүнчүлөр өзгөрүүлөр тууралуу поездге отуруу алдында гана билишти. Саат 14.00дөгү поездге отуруучулар аны 16.00гө чейин күтүштү”,-деп кошумчалады ал. Бул болсо жүргүнчүлөргө кошумча ыңгайсыздыктарды жараткан.

Булагы: CENTRAL ASIAN

Пикир

Оставить комментарий