• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Түркмөнстанда туздуу бороондун кесепеттери жоюлууда

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 30.05.18. /Кабар/. Түркмөнстандын Дашөгүз облусунда жергиликтүү дыйкандар менен бюджеттик мекемелердин кызматкерлери өткөн дем алыш күндөрү аймакты каптаган туздуу бороондун кесепеттерин жоюу иштерине чыгышты.

«Азаттыктын» түркмөн кызматынын маалыматына караганда, 29-майда дыйкандар менен бюджетте иштегендер таң эрте пахта талаалары менен бакчаларга барып, жалбырактардагы туз катмарларын жууп башташт

27-майда Дашөгүз облусунда туздуу бороон болуп, пахта жана буудай талааларын, ошондой эле жемиш бактарын каптап калган. Айрым айылдарда туз катмарынын калыңдыгы 1 сантиметрге чейин жеткен.

«Тыт жыгачтарынын жалбырактарын туз каптап калгандыктан, аны жибек көпөлөктөр жебей жатышат. Бул ансыз деле чыгым тартып жибек көпөлөктөр менен алектенип жаткан адамдарга кошумча кыйынчылыктарды жаратууда. Азыр тыттын ар бир жалбырагын жууп, кургаткандан кийин гана көпөлөктөргө берип жатышат. Андан тышкары жайыттарды дагы туз каптаган. Андагы чөптү мал жебей, малчылар чоң зыян тартканы турат. Эгер жамгыр жаап тузду жууп кетпесе, өтө кыйын болот», — деп билдирди басылманын аймактагы кабарчысы.

Ал ортодо түркмөн бийлиги бул жаратылыш кырсыгы жана анын кесепеттери тууралуу эч кандай маалымат таркаткан жок. Азырынча зыянга учураган дыйкандар менен малчыларга бийлик тарабынан жардам берилээр-берилбеси белгисиз.

Пикир

Оставить комментарий