• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Түркмөнстанда ун тартыштыгы жаралды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 04.12.17 /Кабар/. “Азаттыктын” түркмөн кызматы кабарлагандай, Түркмөнстандын бир нече аймактарында ун тартыштыгы байкалууда. Мары жана Ахал облустарында ундун наркы эки эседен ашык жогорулады.

Орто эсеп менен бир кап ун 50 манат турса, (14 доллардын тегереги), азыр 100 манаттан ашты. Айрым дүкөндөрдө ун такыр эле жок.

Мары облусундагы өз булак билдиргендей, Мары менен Түркмөнабад ортосунда жүргүнчү ташыган таксисттер эми ун ташуу менен алектенип жатышат.

Тартыштык борбор калаада дагы байкалууда. Учурда мамлекеттик "Түркменбакалея" дүкөн түйүндөрүндө чет өлкөдө өндүрүлгөн ундар сатылбай калды. Мындан тышкары жергиликтүү тегирмендерден чыккан ун дагы тартыш.

Ашхабаддын мамлекеттик дүкөндөрүнүн кызматкерлери айрыкча жогорку сорттогу ундардын аз болуп жатканын товарга болгон суроо-талаптын көптүгү менен түшүндүрүшүүдө.

Булагы: CENTRAL ASIAN

Пикир

Оставить комментарий