• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Түркмөнстанда ветклиника ачуу үчүн 62 миң доллар чогулду

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 28.02.19. /Кабар/. 26-февралга карата атайын эсепке 220 миң 105 манат түштү. Бул тууралуу жергиликтүү мамлекеттик басылмалары билдирди. Түркмөнстандын Борбордук банкынын курсу боюнча бул – 62.8 миң АКШ доллары.

Түркмөнстандын өндүрүшчүлөр жана ишкерлер биримдиги 19-февралда жолбун жаныбарлар үчүн клиника уюштуруу боюнча атайын эсеп ачылганын жарыялаган.

ТДХ маалымат агенттиги билдиригендей, ветеринардык клиника эл аралык талаптардын алкагында иш алып барат. Бул жерде жаныбарлардын узак мөөнөткө дарылануусуна шарт түзүлөт. Хирургиялык, лабораториялык жана диагностикалык бөлүмдөр заманбап жабдуулар менен камсыздалат. Мындан тышкары иш сапар же эс алуу учурунда жаныбарларды калтырып кетүү үчүн атайын “мейманкана” ачылат.

Бул арада жолбун жаныбарлар үчүн атайын долбоорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүгү каралат.

Клиника ачуу демилгеси өлкө президенти Бердымухамедовго таандык. Ал бул пландарды ишке ашыруунун “руханий” мааниси бар экенин, келечек муунду ырайымдуулукка жана гуманизмге үндөй турганын айткан.

Президент ветеринардык клиника ачууга буйрук бергенден кийин жаныбарлардын укугун коргоочулар Ашхабад бийлиги жолбун иттерди атуу өнөктүгүн улантып жатканын маалымдашты.

Пикир

Оставить комментарий