• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Түркмөнстанда Western Union аркылуу которууга мүмкүн болгон сумма 50 долларга чейин төмөндөтүлдү

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 27.01.21 /Кабар/. Түркмөнстандын бийлиги Western Union системасынын өлкө аймагындагы иштөө тартибине бир катар өзгөртүүлөрдү киргизди.

Ага ылайык, 26-январдан тартып өлкөдөгү акционердик-коммерциялык банктардан Western Union аркылуу которууга мүмкүн болгон сумма 200 доллардан 50 долларга чейин төмөндөтүлдү.

Western Union системасынын кызматтары Дашөгүз облусунда декабрдын аягында, Ашхабадда январдын алгачкы күндөрү иштебей калган. 19-январдан тартып системанын иши кайра калыбына келтирилип, чет өлкөлөргө 100-200 доллардан которууга уруксат берилген.

Western Union системасынын расмий сайтындагы маалыматка караганда, Түркмөнстанда «Түркмөнбашы», «Сенагат» жана «Түркмөн-түрк» коммерциялык банктары аркылуу 90дон ашык тез акча которуу жайлары бар.

Бир канча жылдан бери экономикалык каатчылыкты башынан кечирип жаткан Түркмөнстандын бийлиги өлкө сыртына акча которууга дайыма чектөөлөрдү киргизип келет. Чет өлкөлүк жогорку окуу жайларда билим алган студенттердин ата-энелери балдарына акча которуу үчүн бир катар документтерди, анын ичинде ЖОЖдордон берилген маалымкаттарды көрсөтүшү керек.

Пикир

Оставить комментарий