• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Түркмөнстанда жарандардан намазга жыгылбоону талап кылышууда

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 16.02.18 /Кабар/. Түркмөнстандын Дашөгүз облусунда коопсуздук кызматкерлери динчил кишилерден намаз окууну токтотууну талап кылууда.

“Азаттыктын” түркмөн кызматы кабарлагандай, аймакта коопсуздук кызматкерлери пенсия курагына жете электе мечитке баргандарды суракка алууда.

“Эмне үчүн намаз окуп жатасың”, “Ким менен сүйлөшөсүң”, “Ата-энең барбы” деген суроолорду беришүүдө. Андан соң намазга жыгылбоону, мечитке барбоону талап кылышууда”,- деди өз булактардын бири.

Анын айтымында, суракка алынгандар мечитте же иш ордунда намазга жыгылышса, жумуштан бошотулары жөнүндө эскертүү алышкан.

Мурда Түркияда иштеп келгендер тыкыр тергелүүдө. Сакалчандардын сакалын алууга мажбурлап, андан соң гана бошотушууда.

Күч түзүм кызматкерлери эмне себептен сурак жүрүп жатканын түшүндүрүшкөн жок. Айрым район акимчиликтерине намаз окуган кишилердин тизмесин түзүү тапшырмасы берилген.

Пикир

Оставить комментарий