• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Түркмөнстанда жоокерлерге душ колдонууга уруксат берилген жок

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 11.07.19. /Кабар/. Түркмөнстан Коргоо министрлигинин Ашхабаддагы казармаларында жоокерлерге душ колдонууга уруксат берилбей жатат.

Centralasian кызматы билдиргендей, душ бөлмөлөрү бир ай мурун жабылган, буга байланыштуу аскерлер жеке гигиенаны сактоо үчүн альтернативдүү жолдорду издешүүдө:

– Бир ай мурун капитан “жоокерлер таза кармабай жатат” деп душ бөлмөлөрүн жаап таштаган. Айрым аскерлер ажатканада чайынууга аракет кылышууда. Ошол эле капитан буга да тыюу салууда. Эч ким үн ката албайт.

“Азаттыктын” түркмөн кызматы кабарлагандай, аскер аткаминерлери бул сыяктуу өзүм билемдиктери үчүн жаза албайт.

Коргоо министрлигинен расмий түшүндүрмө берген жок.

Пикир

Оставить комментарий