• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Түркмөнстанда ЖОЖ ректорлору өлкөнү өнүктүрүү боюнча сунуш киргизүүгө милдеттендирилди

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 23.10.18. /Кабар/. Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов жогорку окуу жайлардын ректорлорунан өлкөнү өнүктүрүү боюнча сунуштарды күтүп жатат.

Түркмөн мамлекеттик басылмалары билдиргендей, президенттин мындай талабы өлкөнүн мамлекеттик саясатынын артыкчылыктуу багыттарына арналган 19-октябрдагы жыйынында айтылган.

Маалыматка караганда, анда агроөнөр жай комплексин толук өзгөртүү боюнча чечим табуу тапшырмасы бул тармакты көзөмөлдөгөн вице-премьер менен Түркмөн айыл-чарба университетинин ректоруна жүктөлгөн.

Мамлекеттик медициналык университеттин ректору менен бул тармакты көзөмөлдөгөн вице-премьерге ата мекендик саламаттык сактоо системасын өнүктүрүү маселелерин изилдеп чыгуу тапшырылган.

Мындан тышкары Түркмөн мамлекеттик экономика жана башкаруу интитутунун ректору базар мамилелеринин негизги формаларын изилдөө тапшырмасын алган. Ошондой эле өз багыттары боюнча сунуштарды берүү тапшырмасын Түркмөн мамлекеттик транспорт жана байланыш институту, Түркмөн мамлекеттик архитектура жана курулуш институту өңдүү өлкөнүн бир топ жогорку окуу жайларынын ректорлору дагы алышкан.

Президент Гурбангулы Бердымухамедовдун бул талабы өлкөдө экономикалык каатчылык күчөп жаткан маалда айтылды. Жумушсуздуктун айынан чет өлкөлөргө жумуш издеп кеткен эмгек мигранттарынын саны өсүп, өлкөдө калгандарынын көбү азык-түлүк жетишсиздиги жана товарлар менен кызмат бааларынын өсүшүнө байланышкан көйгөйлөрдөн кыйналып жатышат.

Пикир

Оставить комментарий