• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Түркмөнстандан карыз доолаган эл аралык компаниялар көбөйүүдө

Дүйнө 0

Бишкек. 23.04.19 /Кабар/. «Рейтерс» агенттиги нак акча көйгөйүн тартып жаткан Түркмөнстан менен соттошууну каалаган чет өлкөлүк компаниялар кезекке туруп жатканын билдирди.

Буга карабай түркмөн өкмөтү жүздөгөн миллион долларга бааланган жаңы объектилерди куруу планын жарыялоодо. Маалыматтарга караганда, келишим боюнча төлөм акыларын ала албай жаткан компаниялар менен түркмөн өкмөтүнүн ортосундагы талаш көптөн бери создугуп келе жатат.

«Рейтерс» агенттиги бул абалды мунайгаз баасынын төмөндөшү менен байланыштырууда. Бул арада орусиялык «Газпром» компаниясы үч жылдык тыныгуудан кийин Ашхабаддан газ сатып алууга макул болгону белгилүү. Түркмөнстан үчүн карыздарынын бир бөлүгүн төлөөгө мүмкүнчүлүк түзүлүүдө.

Түркмөнстан Иран, Беларус, Түркия компаниялары менен карыз маселелери боюнча соттошууда.

Жакында орусиялык МТС мобилдик байланыш компаниясы Түркмөнстандан баштагыдай 750 миллион эмес, 1,5 миллиард доллар доолады.

Түркмөн экономикасы үчүн темир жол, көптөгөн кымбат баалуу мейманканалар, конгресс-залдар, министрлер имараты, Олимпиадалык шаарча жана башка спорт жайлары, жаңы аэропорттор, Түркмөнбашы порту, жасалма аралча, «Алтын Асыр» түркмөн көлү долбоорлору оордук жаратып жатканы айтылууда.

Пикир

Оставить комментарий