• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Түркмөнстандын аймактарында нан паспортун көрсөткөндөргө гана сатылууда

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 18.06.18. /Кабар/. Түркмөнстандын аймактарында нан паспортун көрсөткөндөргө гана сатылууда. Бул тууралуу «Азаттыктын» түркмөн кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, өлкөнүн облустарынын көбүндө сатыкта ун жок. Дашөгүз облусунун тургундары ун сатып алуу үчүн бир ай кезек күтүүгө аргасыз болушууда.

«Дашөгүздө дээрлик ун табууга мүмкүн эмес. Тургундар ун сатып алууга бир ай эрте кезекке жазылып жатышат. Бирок ун дээрлик алып келинбейт. Базарларда буудай жок, жүгөрүнүн килограммы 13 манатка чейин (расмий курс боюнча 4 долларга жакын) кымбаттады. Ун тартыштыгынан улам аймактагы наабайканалардын көбү жабылды. Айрым райондордо кардарлардан паспорт талап кылып, нанды жергиликтүү тургундарга гана сатып жатышат. Башка райондун жашоочулары ала алышпайт», — деп жазды басылма.

Ал ортодо Ашхабадда шекер, ун жана өсүмдүк майы тартыш болуп жатканы кабарланууда. «Түркмөнстандын альтернативдүү жаңылыктары» сайтынын маалыматына караганда, борбордогу мамлекеттик дүкөндөрдө үй-бүлөдөгү ар бир чоң адамга бир килограммдан шекер жана 12ден гана жумуртка сатылат. Ошол эле маалда кичинекей балдар үчүн бул азыктарды сатып алууга мүмкүн эмес.

Түркмөнстандын негизги экспорттук товары эсептелген газга болгон баалардын төмөндөшүнөн улам өлкө экономикалык каатчылыкка кептелип, калктын жашоосу начарлоодо. Жашоочулар өлкөдө жумушсуздук өсүп жатканын айтышууда. Чет өлкөлөргө иштеп келүүнү каалагандар түрдүү тоскоолдуктарга кабылышууда. Ашхабад аэропортунда айрым жарандарды эч себепсиз эле эл аралык каттамдарга киргизбей коюп жатышат.

Пикир

Оставить комментарий