• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Түркмөнстандын күч түзүмдөрү күчөтүлгөн тартипте иштей баштайт

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

БИШКЕК, 16.08.17 /Кабар/. Түркмөнстандын күч түзүмдөрү 17-августтан 27-сентябрга чейин күчөтүлгөн тартипте иштешет. Мындай чаралар Ашхабадда өтө турган Азия оюндарына байланыштуу. Бул тууралуу өлкөнүн расмий ММКлары билдиришти.

Оюндарды өткөрүү маалында коопсуздукту камсыз кылуу маселеси Түркмөнстандын Коопсуздук кеңешинин атайын жыйынында каралды. Анын жыйынтыгы менен өлкө башчы Гурбангулы Бердымухаммедов тиешелүү буйрукка кол койду. Ал документке ылайык, оюндар өткөн маалда күч түзүмдөрү күнү-түнү иштөө тартибине өтүп, чек аралар жабылып, виза тартиби чектелет жана бажы көзөмөлү күчөтүлөт.

Өлкөнүн Коопсуздук кеңешинин буга чейинки жыйынында башка мамлекеттерден келген чет өлкөлүк жарандарды каттоо иштери боюнча өлкөнүн мамлекеттик миграция кызматынын отчету угулган. Ошондой эле жыйындын жүрүшүндө Түркмөнстанга келген бардык чет өлкөлүк меймандарды кылдат каттоого алуу талабы айтылган.

Түркмөнстан аталган оюндарды өткөрүү укугуна 2010-жылы 19-декабрда ээ болгон. Андан бери эл аралык иш-чарага даярдануу менен катар Ашхабад бийлиги тарабынан «шаарды жакшыртуу» максатында миңдеген үйлөр бузулуп, спутникалык антенналар, желдеткичтер алынган.

Булагы: CENTRAL ASIAN

Пикир

Оставить комментарий