• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Түркмөнстандын президенти кыргызстандыктарды Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады

Саясат 0

Бишкек, 31.08.18. /Кабар/. Түркмөнстан Республикасынын Президенти Гурбангулы Бердымухамедов Кыргызстан элин жана Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековду Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады.

«Түркмөнстан элинин жана өкмөтүнүн, ошондой эле өзүмдүн атыман Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнү менен Сизди жана бир тууган Кыргызстан элин чын жүрөктөн куттуктап жакшы каалоо-тилектерди узатабыз.

Учурда Түркмөнстан менен Кыргызстандын ортосундагы мамилелер жаңы мазмун менен байытылып жатканын зор канааттануу менен белгилеп кетким келет. Сиздин Түркмөнстанга жасаган мамлекеттик сапарыңыз бир тууган эки элдин ортосундагы достук байланыштарды, ошондой эле ар түрдүү тармактарда эки мамлекеттин ортосундагы кызматташтыкты бекемдөөдөгү маанилүү этап болуп калды. Кыргыз-түркмөн кызматташтыгы биздин элдердин жыргалчылыгы үчүн мындан ары да өнүгөт деп терең ишенем.

Урматтуу Сооронбай Шарипович, Сизге чын жүрөктөн ден-соолук, бакыт-таалай ал эми боордош Кыргызстан элине тынчтык жана гүлдөп өнүгүү каалайм», — деп белгиленет Гурбангулы Бердымухамедовдун куттуктоо телеграммасында.

Пикир

Оставить комментарий